Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:19

Журналисттер Украинадагы согушта өлгөн 27 миңдей орус аскеринин тек-жайын тактады


Орусиядагы "Вагнер" жеке аскер компаниясынын жоочуларынан Красноярскидеги мүрзөсү
Орусиядагы "Вагнер" жеке аскер компаниясынын жоочуларынан Красноярскидеги мүрзөсү

"Медиазона" басылмасы, Би-Би-Си радиосунун орус кызматы жана ыктыярчылар былтыр Украинада согуш башталгандан бери өлгөн орус аскерлеринин 26 801нин тек-жайын аныкташты. Алар бул тууралуу 30-июнда жарыялашты.

Журналисттер белгилешкендей, согушта өлгөндөрдүн басымдуу бөлүгү - жеке аскер компаниялары аркылуу фронтко тартылгандар.

Тастыкталган жоготуулардын ичинде орус армиясынын жана башка куралдуу күчтөрдүн 2250дөн ашуун офицери бар. Алардын 263ү подполковник жана андан жогорку аскердик чини барлар болгон. Ошондой эле согушта 160тан ашуун аскердик учкуч каза тапканы аныкталган.

"Медиазона" менен Би-Би-Си Украинадагы согушта набыт болгондор тууралуу ачык документтерге, маркумдардын жакындарына таянып, мүрзөлөрдөгү маалыматтарга мониторинг жүргүзөт. Согуштагы жоготуулардын так саны алда канча көп болушу ыктымал экени айтылат.

Орусиянын Коргоо министрлиги Украинадагы согуштагы жоготуулары тууралуу ачык жазбайт жана журналисттер жарыялаган маалыматтарды да комментарийлебейт. АКШ быйыл январда Украинадагы согушта орус армиясынан набыт болгон жана жаракат алгандардын саны болжол менен 270-300 миң адам экенин билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG