Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:26

Төрт өзбекстандык Январь окуясында кыйноого кабылганы тууралуу арыз жазды


Январь окуяларынан кийин Казакстанда нааразылык билдирип чыккан жарандардын акциясында тартылган сүрөт.
Январь окуяларынан кийин Казакстанда нааразылык билдирип чыккан жарандардын акциясында тартылган сүрөт.

Алматы облусунун прокуратурасы өзбекстандык төрт жарандын Казакстандагы кандуу Январь окуялары учурунда кармалгандан кийин кыйноого алынганын билдирген арызын каттады.

Бул тууралуу “Азаттыктын” казак кызматына “Эл аралык укуктук демилге” бейөкмөт уюмунун жетекчиси, укук коргоочу Айна Шорманбаева билдирди.

Анын айтымында, Өзбекстандын төрт жараны 2022-жылдын январында кыйноого кабылган кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов менен бирге камакта болгон. Казакстандык мамлекеттик маалымат каражаттары Рузахуновду “жалданма согушкер” катары көрсөтүүгө аракет кылышкан.

Шорманбаева өзбекстандыктар арыз жазбай эле Казакстандан чыгып кеткенин, укук коргоочулар аларга барып, көрсөтмө алып, прокуратура тергеп жаткан ишке коштурганын айтты.

Укук коргоочу коопсуздук үчүн алардын аты-жөнүн жарыялабоону суранды. Колдо болгон маалыматка караганда, жабырлануучулардын кичүүсү 26, улуусу 48 жашта.

Былтыр Казакстанда Январь айындагы кандуу окуя учурунда ошол кезде жеке иштери боюнча Алматыда жүргөн музыкант Рузахуновду күч кызматкерлери кармап кетип, катуу сабаган. Аны коомчулуктун кийлигишүүсүнөн кийин гана коё берип, Бишкекке жөнөткөн. Кабыргалары сынып, мээси чайкалган музыкант кыйноого кабылганын айтып чыккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG