Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:04

Ысык-Көлдө балдардын “Айкөл” борбору ачылды


29-июнда Ысык-Көлдө “Айкөл” балдардын ден соолугун чыңдоо борбору ачылды. Маалыматка ылайык, борбор Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине карайт.

Президенттин басма сөз кызматы таркаткан маалыматка ылайык, ачылыш аземине президент Садыр Жапаров менен УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев катышты.

“Президент чекисттер убактысынын көп бөлүгүн улуттук коопсуздук маселелерине жана өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн сактоого арнап, үй-бүлөсү жана достору менен эс алуудан четте калып жатканын белгиледи. Ошол себептен мамлекет жетекчилиги алардын натыйжалуу ишмердүүлүгү үчүн шарттарды түзүүгө бардык аракетин жумшашы керек. Учурда коопсуздук органдарынын кызматкерлери үчүн жаңы турак жайларды, кызматтык имараттарды салуу иштери уланууда, мындан сырткары, алардын социалдык абалын жакшыртуу жаатында дагы иштер үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө”, - деп билдирди президенттин басма сөз кызматы.

Садыр Жапаров буга чейин "Айкөл" ден соолукту чыңдоо борборун жакшыртуу бюджеттин тартыштыгынан улам ишке ашпай келгенин белгилеген. 1960-жылдары курулган имараттын эскилиги жетип, өткөн жылы балдар лагеринин 4 имараты жараксыз деп табылган.

Мындан улам, 2022-жылдын август айында тиешелүү инфратүзүмү бар 240 орундуу балдар лагерин куруу тапшырмасы берилген.

“Айкөл” балдардын ден соолугун чыңдоо борбору Сары-Ой айылында жайгашкан. Ал буга чейин “Спутник” деп аталып келген. (KbA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG