Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:00

Креативдүү индустриялар паркынын ачылышы болду


Креативдүү индустриялар паркы.
Креативдүү индустриялар паркы.

Ар кандай терс божомолдорго карабастан Кыргызстан туруктуу жана ишенимдүү өнүгүү жолуна түшүп, “жакыр өлкө синдромунан” арыла алганын бүгүн 29-июнда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. Креативдүү индустриялар паркынын ачылышында сүйлөп жатып ал калкынын 50 пайызга жакынын жаштар түзгөн Кыргызстан өнүгүүнүн кийинки этабына активдүү өтүп жатканын белгиледи.

“Ушул күндөн баштап биз Кыргызстандын бардык аймактарынан гана эмес, дүйнөнүн булуң-бурчунан таланттуу, чыгармачыл, идеяларга жана энергияга толгон жаратмандарды бириктире турган Креативдүү индустриялар паркын ишке киргизүү менен байланышкан экономикалык өнүгүүнүн жаркын жана келечектүү этабын баштайбыз. Жыл бою мамлекетибиз чыгармачыл тармактардын өкүлдөрү менен бир командада Кыргызстанда “креативдик бурулуш” жасап жатат”. Креативдүү индустриялар паркы жаңы идеялар жаралган, стартаптар ачылган, өлкөбүзгө көрүнүктүү прогрессти жана гүлдөп-өнүгүүнү алып келе турган өнүккөн жайга айланат деп ишенебиз”, – деди Жапаров.

2022-жылдын август айында кабыл алынган “Креативдүү индустриялар паркы жөнүндө” мыйзамда креативдик деп аталган чөйрөдө иштеген ишкерлерди, жаратмандарды салыктын жана социалдык төлөмдөрдүн айрым түрлөрүнөн бошотуу каралган.

Архитектор, дизайнер, блогер, музыкант, журналист жана ошондой эле жарнама, графика, анимация, жалпысынан 15тен ашык багытта иштегендер паркка мүчө болуп, жеңилдиктерден колдонсо болору, бул үчүн алар ачык иштеши керек экени айтылган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG