Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:23

"Вагнер" Украинадагы согушка катышпай турганы кабарланды


"Вагнердин" жоочусу Украинанын Бахмут шаарындагы салгылаш маалында.
"Вагнердин" жоочусу Украинанын Бахмут шаарындагы салгылаш маалында.

Орусиянын Мамлекеттик Думасынын Коргоо комитетинин төрагасы Андрей Картаполов "Вагнер" жеке аскердик компаниясынын негиздөөчүсү Евгений Пригожин Коргоо министрлиги менен келишим түзүүдөн баш тартканын, ошондуктан анын ротасы Украинадагы согушка мындан ары катышпай турганын билдирди. Картаполовдун айтымында, "Вагнерге" эми каржылык жана материалдык жардам берилбейт.

Украинанын Аскердик чалгындоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Кирилл Буданов да “Украинская правдага” берген маегинде “Вагнер” мындан ары Украинанын аймагындагы согушка катышпай турганын белгиледи. " Ал Орусиянын эң жигердүү бөлүгү эле", - деди Буданов

Былтыртан бери Украинада согушуп жаткан "Вагнердин" жетекчиси Евгений Пригожин орус армиясынын жетекчилигин көп сындай баштаган.

Жакында Коргоо министрлиги согуштук аймактагы бардык бөлүктөрдөн 1-июлга чейин келишим түзүүнү талап кылган. Бул талапка каршылык билдирген Пригожин көп өтпөй козголоң чыгарган. 24-июнга караган түнү "вагнерчилер" Украинадагы базаларынан чыгып, Ростов-на-Дону шаарын эч кандай каршылыксыз басып алган.

Москвага 200 чакырым калганда Пригожин "кан төгүүнүн алдын алуу үчүн" артка кайтышарын күтүүсүздөн жарыялаган.

Беларустун авторитардык лидери Александр Лукашенко менен сүйлөшкөндөн кийин "куралдуу көтөрүлүштү" токтотуп, артка кайткан Евгений Пригожин өзү дагы Беларуска кетери маалымдалган.

Орусиянын президенти Владимир Путин 27-июндагы билдирүүсүндө "Вагнер" менчик аскердик компаниясы толугу менен мамлекеттен каржыланып келгенин моюнга алды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG