Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:54

"Титан" менен океанга түшкөндөрдүн денесинин айрым бөлүктөрү табылды


Horizon Arctic деп аталган атайын кеме "Титандын" калдыктарын Канаданын Сент-Джонс портуна алып чыкты. 28-июнь, 2023-жыл
Horizon Arctic деп аталган атайын кеме "Титандын" калдыктарын Канаданын Сент-Джонс портуна алып чыкты. 28-июнь, 2023-жыл

Бир кылым мурда Атлантика океанына чөгүп кеткен "Титаник" кемесин изилдөө үчүн "Титан" батискафы менен океан түбүнө түшүп, дайынсыз жоголгон адамдардын денесинин айрым бөлүктөрү табылды. Бул тууралуу 28-июнда АКШнын Жээктеги коргоо кызматы билдирди.

Беш киши түшкөн субмаринанын калдыктары өткөн бейшембиде "Титаник" кемесинен 488 метр аралыктан табылган.

"Титан" батискафынын бортунда беш киши: 59 жаштагы британиялык миллиардер, иликтөөчү, ишкер Хэмиш Хардинг, пакистандык ишкер Шахзада Давуд уулу Сулейман менен, OceanGate Expeditions компаниясынын негиздөөчүсү Стоктон Раш жана франциялык суу алдындагы учкуч Поль-Анри Нарголе болгон.

Маалыматтарга караганда, "Титандагы" экипаж мүчөлөрү батискаф жарылганда каза табышы мүмкүн.

Кишилердин денесинин айрым бөлүктөрү табылганы тууралуу кыйраган "Титандын" калдыктарын Ньюфаундленд аралындагы Сент-Жонс портуна чыгарылгандан көп өтпөй кабарланды. Кырсык болгон жерден табылган илинчектин баары АКШга окуяны толук изилдөө үчүн жиберилди.

Associated Press маалымдагандай, Жээктеги коргоо кызматы АКШ жана Канаданын бир катар тийиштүү кызматтары менен чогуу иликтөө жүргүзүүдө.

Тарыхта эң чоң, кымбат кеме "Титаник" 1912-жылы апрелде Саутгемптондон (Британия) Нью-Йоркко баратканда айсберг менен кагылышып чөгүп кеткен. Кемедеги 2208 адамдын 1503ү набыт болгон. Суу түбүнө кеткен кеме 1985-жылы табылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG