Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:58

Аба ырайы: Ысык-Көлдө суунун температурасы 20 градус


Ысык-Көл. Арткы планда кыргыз тоолору.
Ысык-Көл. Арткы планда кыргыз тоолору.

29-июнда жалпы Кыргызстан боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлүүдө.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 13…18, күндүз 28…33;

Суусамырда түнкүсүн 1... 6, күндүз 17...22;

Таласта түнкүсүн 8…13, күндүз 25…30;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 16…21, күндүз 29…34;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 18…23;

Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 21…26 градус жылыйт.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 14…16°, күндүз 29…31 градус болот.

Чолпон-Ата шаарында мезгил-мезгили менен өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Аба түнкүсүн 11…13°, күндүз 20…22 градус жылуу болушу күтүлөт.

Ысык-Көлдүн суусунун температурасы кечээ - 27-июнда күндүз 22 градус болду, эртең 28-июнда эртең менен 20 градус жылуу болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG