Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:40

АКШ Пригожиндин шериктерине жаңы санкция киргизди


Вагнерчилер ички саясий процесстерге таасир этүүгө аракет кылган Малидеги (Африка) шайлоо участогу.
Вагнерчилер ички саясий процесстерге таасир этүүгө аракет кылган Малидеги (Африка) шайлоо участогу.

АКШнын Каржы министрлигинин чет элдик активдерди көзөмөлдөө башкармалыгы (OFAC) "Вагнер" аскердик жеке компаниясына жана анын ээси Евгений Пригожинге байланышы бар төрт коммерциялык компанияга, бир адамга каршы санкция киргизди.

Буга чейин АКШ, Европа Биримдиги, Канада жана Британия Пригожиндин өзүнө каршы санкция колдонгон.

"Санкциялар "Вагнердин" каржылоо системасындагы негизги адамдардын ишин кыйындатат", – деди каржы министринин терроризм жана финансылык чалгындоо боюнча орун басары Брайан Э.Нельсон.

Анын айтымында, "Вагнер" өзүнүн согуштагы мыйзамсыз операцияларын Борбордук Африка Республикасындагы жана Малидеги кен байлыктарынан тапкан акча менен каржылайт.

Брайан Э.Нельсон АКШ "Вагнер" тобунун киреше булактарын көзөмөлдөөнү улантып, анын Африкада болобу, Украинадабы же башка жердеби - бардык аймактарда зомбулугун чектөөгө ала турганын билдирди.

Жаңы санкцияларга кабылган компаниялар Борбордук Африка Республикасында (БАР), Бириккен Араб Эмираттарында (БАЭ) жана Орусияда жайгашкан. Алар "Вагнерди" каржылоо үчүн алтын менен мыйзамсыз иштешет.

Кеп Midas Ressources SARLU (Midas) компаниясы жөнүндө болуп жатат, ал Евгений Пригожин менен байланышкан. Ал тоо-кен тармагында, баалуу жана жарым баалуу металлдарды, асыл таштарды чалгындап, казуу багытында иштейт. Midas Борбордук Африка Республикасында катталганы менен Мадагаскардагы тоо-кен тармагында иштегендер менен байланышкан.

Diamville SAU (Diamville) Пригожинге байланышкан дагы бир компания, ал дагы Борбордук Африка Республикасында катталган жана алтын, алмаз сатып алуу менен алектенет.

Дубайда жайгашкан Industrial Resources General Trading (Industrial Resources) компаниясы дагы Пригожин менен байланышкан.

Мындан тышкары АКШнын санкцияларына Орусиянын жараны, "Вагнер" ишканасынын Малидеги өкүлчүлүгүнүн кызматкери Андрей Николаевич Иванов да илинди. 2023-жылдын жазында Иванов Africa Politology компаниясы жана Малинин бийликтери менен курал-жарак, тоо-кен багытындагы иштерине аралашкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG