Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:02

Аркадаг шаарынын ачылышына мамлекеттик кызматкерлер мажбурлап жөнөтүлүүдө


Жаңы Аркадаг шаары. Видеодон алынган кадр.
Жаңы Аркадаг шаары. Видеодон алынган кадр.

Түркмөнстанда Аркадаг шаарынын 29-июнда өтө турган ачылыш аземине өлкөнүн баардык аймактарынан мамлекеттик кызматкерлер жана аксакалдар барышат.

Аксакалдардын жол киресин, чыгашаларын жергиликтүү бийлик төлөсө, мамлекеттик мекемелерде иштегендер өз чөнтөгүнөн төлөп, милдеттүү түрдө барышы керек.

Маалымат каражаттарында «тарыхый окуя» деп белгиленип жаткан жаңы шаардын ачылыш аземине катыша тургандар дресс-кодго ылайык кийиниши керек. Тактап айтканда баары кара костюм, ак көйнөк, башына тебетей кийип, сакал-муруту жок болушу зарыл.

Жаңы шаар мурдагы президент Гурбангулы Бердымухамедовдун урматына Аркадаг деп аталып, ачылышы анан туулган күнүндө болот.

Калаа Көкдөбө тарыхый шаарынын жанында Бердымухамедовдордун туулган айылынан анча алыс эмес аймакта жайгашкан. Аркадагдын курулушунун биринчи баскычы 2019-жылы башталып, ага мамлекеттик казынадан миллиардаган акча сартпалган. Бул маалда Түркмөнстанда экономикалык кризис, жумушсуздук, каатчылык күч алды.

Гурбангулы Бердымухамедовдун урматына «Аркадаг» деп аталган футболдук клуб жана телеканал ачылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG