Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:04

"Кемпир-Абад иши": Айыпталуучулар сотту жабык өткөрүүгө негиз жок экенин айтышты


Кемпир-Абад маселесине байланыштуу айыпталып жаткандар. Архивдик сүрөт.
Кемпир-Абад маселесине байланыштуу айыпталып жаткандар. Архивдик сүрөт.

Кемпир-Абад маселесине байланыштуу айыпталып жаткандар соттук териштирүүнү жабык өткөрүүгө эч себеп жоктугун, анткени материалдардын бири да жашыруун сыр эмес экенин билдиришти. Бүгүн 27-июнда тараткан билдирүүсүндө алар сот жабык өтүп жатканына макул эместигин, судья мындай чечимди бийликтин көргөзмөсү менен кабыл алганын, мунун баары бийлик элден чындыкты жашырып жатканынын далили болуп жатканын белгилеп, “Бул биздин ак экенибиздин далили” дешти.

“Кылмыш ишинде биздин “Casa Italia” кафесинде сүйлөшкөн сөздөрүбүз, УКМК социалдык медиалардан чогулткан аудио, видео материалдар жана посттор бар. Ошондой эле биздин сөздөрүбүзгө жасалган экспертизалар тиркелген. Ички иштер министрлигинен 2-3 кызматкердин оперативдик рапорту да киргизилиптир. Мына ушуларды азыркы бийлик жана анын көз каранды соту жашыруун сыр деп, сотту жабык кылышты. Конституциянын 100-беренеси Кыргызстанда бардык сот процесстери ачык болушун кепилдейт”, - деп айтылды билдирүүдө.

Иш Биринчи Май райондук сотунда 22-июнда карала баштады. Кийинки отурум 7-июлга белгиленди.

Жогорудагы билдирүүгө байланыштуу мамлекеттик органдардан азырынча комментарий боло элек.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирип чыккан жыйырмадан ашуун белгилүү саясатчы, активист былтыр октябрда “Casa Italia” кафесиндеги жолугушуусунан кийин кармалып, Бишкектин тергөө абагына камалган, кийин алардын айрымдары үй камагына чыккан.

Милиция алар бийликти басып алууга аракет кылган деп айыптап жатат. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде тергелүүдө.

Өзүлөрү бийликти сындаганы үчүн куугунтукка кабылганын айтып жатышат.

Ал эми президент Садыр Жапаров кармалгандарды “төңкөрүш кылууга башка шылтоо таба албай, Кемпир-Абад маселесин шылтоо кылабыз дешкен" деп айткан.

Бир катар ири эл аралык уюмдар, анын ичинде Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча комитети кыргыз бийлигин бул ишти адилет териштирүүгө чакырышкан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG