Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:16

"Коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдар тууралуу" мыйзам долбоорун карап жаткан жумушчу топтун иш мөөнөтү узарды


Бишкек шаарынын тургуну Асел Супатаева “чет өлкөлүк өкүл” деген макам берүү боюнча мыйзам долбооруна каршы пикетке чыкты. 10-июнь, 2023 Бишкек
Бишкек шаарынын тургуну Асел Супатаева “чет өлкөлүк өкүл” деген макам берүү боюнча мыйзам долбооруна каршы пикетке чыкты. 10-июнь, 2023 Бишкек

Президенттик администрация демилгелеген "Коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдар тууралуу" мыйзам долбооруна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү боюнча жумушчу топтун иш мөөнөтү 1-октябрга чейин узартылды.

Президент Садыр Жапаров токтомго 14-июнда кол койгон.

Документке ылайык, жумушчу топ мыйзам долбоорунун макулдашылган вариантын 1-октябрга чейин сунушташы керек. Мындан мурда 1-июнга чейин гана мөөнөт берилген.

"Коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдар тууралуу" мыйзамды президенттик администрация 2022-жылдын ноябрь айында сунуштаган. Долбоорду иштеп чыккандар муну "мамлекеттин кызыкчылыгын, коомдук коопсуздукту эске алуу, адеп-ахлакты, калктын саламаттыгын, жарандардын улуттук жана диний сезимдерин коргоо" зарылдыгы менен түшүндүргөн.

Долбоордо Кыргызстанда "чет өлкөлүк бейөкмөт уюмдар" түшүнүгүн киргизүү жана мамлекеттин коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдарды көзөмөлдөө түшүнүгүн киргизүү сунушталган. Мындан тышкары өлкө бийлиги мындай уюмдарды өз ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн Юстиция министрлигинин атайын реестрине каттоону көздөйт.

Бир катар эл аралык уюмдар бул демилгеге тынчсыздануусун билдирип, документти артка кайтарууга чакырган. Коомдогу сынга байланыштуу президенттик аппарат документти иштеп чыгууга макул болуп, атайын жумушчу топ түзүлүп, ага жарандык коомдун өкүлдөрү да кирген.

Мындан тышкары 19-майда “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылган. Долбоорду депутат Надира Нарматова жазып, кийин ага Жогорку Кеңештеги отуздай эл өкүлү кошулган. Акыркы жумаларда алардын көбү бул долбоорго автор болуудан баш тартты. Айрым медиа каражаттары Нарматованын өзүнө шилтеме берүү менен мыйзам долбоору күзүндө караларын жазды.

Жарандык коомдун жана эл аралык коомчулуктун талкуусунан кийин 26-июнда мыйзам долбоору комитет кароосунан алынганы кабарланды.

Надира Нарматова жазган мыйзам долбоору чет өлкөдөн каржылык колдоо алган бейөкмөт уюмдарга "чет өлкөлүк өкүл" макамын берүү жана аларды текшерүүгө алуу беренелерин камтыйт. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG