Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:37

Украина контрчабуулда 130 чарчы километр аянтты бошотту


Анна Маляр
Анна Маляр

Украинанын армиясы контрчабуул башталгандан бери өлкө түштүгүндөгү 130 чарчы километр аянтты орус күчтөрүнөн бошотту. Бул тууралуу Украинанын Коргоо министринин орун басары Анна Маляр 26-июнда Телеграмга жазды.

Малярдын белгилешинче, украин аскерлери Запорожье облусунун Мелитопол жана Бердянск аймактарында алдыга жылууну улантып жатат.

Украин армиясы июнь айынын башынан бери жалпы сегиз айылды орус армиясынан тазалаганын жарыялаган.

Донецк облусунда айыгышкан салгылаш жүрүүдө. Запорожье жана Херсон облустарында украин күчтөрү контрчабуулду улантып жатканы кабарланганы менен так маалымат бериле элек.

Орусия Украинанын аймагына 2022-жылдын 24-февралында бастырып кирген. Москва "атайын операция" деп атаган согушта БУУнун эсебинде украиналык тогуз миңдей жайкын тургун набыт болду.

Андан тышкары, эки тараптан миңдеген аскерлер каза тапты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG