Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:51

Бейөкмөт уюмдар боюнча мыйзам комитеттин күн тартибинен алынганы кабарланды


Жогорку Кеңештин жыйындар залы. Иллюстрациялык сүрөт.
Жогорку Кеңештин жыйындар залы. Иллюстрациялык сүрөт.

“Чет өлкөлүк өкүл” тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитетинин кезектеги отурумунун күн тартибинен алынып калганын парламенттик демократия жаатында алектенип келаткан юрист Таттыбүбү Эргешбаева 25-июнда билдирди.

Анын айтымында, маселе комитеттин 27-июндагы отурумунун күн тартибине алтынчы болуп кирген, бирок кийин кайра алынып калган.

“Азаттык” мыйзам долбоорунун автору Надира Нарматова менен 26-июнда байланышканда ал төмөнкүчө жооп берди:

“Мен билбедим. Күн тартибинде эле турат”.

Жогорку Кеңештин расмий сайтындагы 26-июнь, саат 10:00гө карата маалымат боюнча, аталган комитеттин күн тартибинде бул маселе көрүнбөйт.

Бейөкмөт уюмдарга көзөмөлдү күчөтөт деп сынга кабылган "чет өлкөлүк өкүл" тууралуу мыйзам долбоорун ЖК депутаты Надира Нарматова жазып, былтыр ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке дагы 32 депутат демилгечи болуп кошулган. Бирок кийин алардын айрымдары авторлуктан кайра баш тартып, анда ашыкча чектөөлөр, адам укуктарына каршы келген жоболор бар экенин айтып чыгышты. “Адилет” укуктук клиникасы бул “чет өлкөлүк өкүл” мыйзамын талдап чыгып, анын 98% Орусиянын “чет элдик агенттер” тууралуу мыйзамынан көчүрүлүп алынганын аныктаган.

Укук тартиби, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитет "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" мыйзамга жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун 27-июнда 1-окууда карай турганы маалымдалган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG