Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:15

Кытай Орусиядагы козголоң боюнча үн катты


Ростов-на-Дону шаарындагы кырдаал. 24-июнь, 2023-жыл.
Ростов-на-Дону шаарындагы кырдаал. 24-июнь, 2023-жыл.

"Вагнерчилердин" Орусиядагы орто жолдо токтотулган козголоңун улай расмий Бээжин Москванын туруктуулукту камсыз кылуу боюнча аракеттерин колдой турганын жарыялады. Бул тууралуу Кытайдын Тышкы иштер министрлиги 25-июнда билдиргенин Reuters жаңылыктар агенттиги жазды. Маалыматка ылайык, Кытай тарап Орусиядагы соңку чыңалууну өлкөнүн "ички иши" деп сыпаттады.

Мындай билдирүү Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Андрей Руденко Кытайдын башкы дипломаты Цинь Ган менен жекшемби күнү Бээжинде жолуккандан кийин жарыяланды.

Руденко Бээжинге качан барганы, анын бул сапарынын "Вагнер" жеке менчик аскердик компаниясынын башчысы Евгений Пригожиндин козголоңуна канчалык байланышы бар экени белгисиз.

"Кытай тарап Орусия Федерациясынын жетекчилигинин 24-июндагы окуяларга байланыштуу өлкөдөгү кырдаалды жөнгө салуу аракеттерин колдой турганын билдирди жана Орусиянын биримдигинин бекемделишине жана мындан аркы өнүгүүсүнө кызыкдар экенин бышыктады", - деп айтылат Орусиянын тышкы иштер министрлигинин расмий билдирүүсүндө.

Расмий Бээжин ишемби күнү Орусиядагы чыңалуу тууралуу үн каткан эмес.

Орус президенти Владимир Путиндин узактан берки жакын санаалаштарынын бири деп сыпатталып келген Евгений Пригожиндин күчтөрүнүн армия жетекчилерине каршы Москвага багытталган жүрүшү 24-июнда кечке маал токтотулду. Беларустун авторитардык жетекчиси Александр Лукашенко аралашкан сүйлөшүүлөрдөн кийин "вагнерчилерге" ачылган кылмыш иштери токтотулуп, Пригожинге Беларуска чыгып кетүүгө уруксат берилгени белгилүү болду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG