Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:40

Блинкен Пригожиндин козголоңун Путиндин бийлигине "түздөн-түз чакырык" деп мүнөздөдү


Ростов-на-Донудан чыгып кетүүгө камыным жаткан "вагнерчилердин" танкы, 24-июнь 2023-жыл.
Ростов-на-Донудан чыгып кетүүгө камыным жаткан "вагнерчилердин" танкы, 24-июнь 2023-жыл.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен NBC телеканалы менен маегинде Орусиядагы "Вагнер" жеке менчик аскердик компаниясынын башчысы Евгений Пригожиндин дээрлик бир суткага созулган куралдуу козголоңу тууралуу пикирин билдирди. Ал 23-24-июнь күндөрү Орусияда болгон окулар Москванын Украинага каршы агрессиясынын чыныгы себептерине байланыштуу Пригожин сөз кылган маанилүү суроолорду ачыкка чыгарганын, Путиндин бийлигине түздөн-түз чакырык ташталганын белгиледи.

"Он алты ай мурда орус күчтөрү Украинада Киевдин босогосуна чейин келишкен. Алар борбор калааны бир нече күндүн ичинде каратып алабыз, эгемен өлкөнү картадан өчүрөбүз деп ишенишкен. Эми биз Орусия өзүнүн борбор шаары Москваны өзү түзгөн жалданма күчтөрдөн коргоп жатканын көрүп жатабыз. Мунун өзү адаттан тыш жагдай", - деди Блинкен. "Орусиянын бет маңдайында (фасад) дагы көбүрөөк жаракалар пайда болгонуна күбө болдук. Алар каякка бара жатканын азыр айтууга эрте. Бирок Путин алдыдагы апталарда жана айларда чечиши керек болгон көп маселелер пайда болгону талашсыз".

Украин армиясына каршы согушуп жаткан "Вагнер" жалданма күчтөрүнүн негиздөөчүсү Евгений Пригожин 24-июнга караган түнү Орусиянын Ростов-на-Дону шаарындагы Түштүк аскердик округун көзөмөлгө алганын, армия жетекчилерине каршы Москваны көздөй жүрүшкө чыкканын жарыялаган. Орус президенти Владимир Путин “вагнерчилердин” аракетин “куралдуу козголоң” жана “чыккынчылык” деп атап, аны 1917-жылдагы көтөрүлүшкө салыштырган.

Пригожиндин козголоңу ишембинин кечинде Беларустун авторитардык жетекчиси Александр Лукашенконун арачылыгы менен токтотулганы кабарланган. "Вагнердин" башчысы кан төгүүнү алдын алуу үчүн өз күчтөрүн артка кайтарганын билдирген. Кремл Пригожин Беларуска чыгып кетерин маалымдаганы менен азырынча "вагнерчилердин" башчысы кайда экени так белгисиз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG