Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:05

Украинанын Коргоо министрлиги Бахмуттун жанында чабуул башталганын жарыялады


Ишембиде украин аскерлери Донецк облусуна бир эле учурда бир нече багытта чабуул баштады. Бул тууралуу Украинанын коргоо министринин орун басары Анна Маляр билдирди. Анын айтымында, Орехов-Васильевка, Бахмут, Богдановка, Ягодный, Клещиевка, Курдюмовка багыты боюнча чабуул жүрүп жатат.

"Бардык багыттарда алдыга жылуу бар", - деп жазган Маляр башка маалымат айткан жок. Орусиянын Коргоо министрлиги бул билдирүүлөр боюнча комментарий бере элек.

Украина куралдуу күчтөрүнүн чабуул бригадасынын үчүнчү бөлүмүнүн командири Андрей Белицкий чабуулда украин аскерлери орус батальонун талкалаганын жана Донецк каналынын сол жээги толугу менен көзөмөлгө алынганын билдирди.

Согуш шартында мындай кабарларды текшерүү мүмкүн эмес.

Малярдын айтымында, түштүк багыты боюнча дагы салгылаш уланып жатканын, ал жакта дагы украин күчтөрү чабуулга өткөнүн кабарлады.

Украин аскерлеринин Бахмуттун жанында чабуулду баштаганы Орусияда "Вагнер" жеке аскердик компаниясынын "куралдуу козголоңу" жасоо аракети менен байланышы бар-жогу айтылган жок. Украинанын президенти Владимир Зеленский Пригожиндин козголоңу тууралуу орусиялыктарга орус тилинде кайрылуу жасаган.

"Кремлдеги киши албетте абдан коркуп, көрүнбөй, бир жерде жашынып жаткандыр. Мен анын Москвада жок экенине ишенем. Бир жак менен байланышат, бир нерсе сурайт... Эмнеден коркуп жатканын билет, анткени бул коркунучту өзү жараткан. Бардык жамандык, бардык жоготуулар, бардык жек көрүүнү өзү таратат. Ал өзүнүн бункерлеринин ортосунда канчалык көп чуркап жүрсө, Орусия менен байланышы барлардын бардыгы ошончолук көп жоготууга учурайсыңар", - деген ал.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG