Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:17

"Фонтанка" Пригожиндин жасалма паспорттору табылганын кабарлады


Евгений Пригожин.
Евгений Пригожин.

Санкт-Петербургдагы "Фонтанка" басылмасы ишемби күнү "Вагнер" жеке аскердик компаниясынын башчысы Евгений Пригожиндин болжолдуу штабында тинтүү болуп жатканын жазган. Анда аты-жөнү башка, бирок Пригожиндин сүрөтү менен чет элдик паспорттор табылган. Кийин бул маалымат белгисиз себептер менен өчүрүлгөн.

Тинтүү "Вагнер" жеке аскердин компаниясынын "куралдуу козголоңунан" кийин жүргүзүлдү. Бул аракеттер ишембинин кечинде Пригожин жана орус бийлигинин расмий эмес макулдашуулары менен аяктады.

"Пригожиндин кеңсесинде алтын куймасы, ак порошок, доллар салынга баштыктар жана мылтыктар, Пригожинге окшош адамдардын паспорттору табылды", - деп жазды "Фонтанка" Телеграм-каналына.

Санкт-Петербургдагы "Трезини" мейманканасынын имаратын текшерүүдө 4 миллиард рубль гана эмес, беш килограмм алтын куймасы, алты тапанча жана “ар бири бир килограммдан болгон беш брикет ак порошок” табылганы айтылган. Ошондой эле "Евгений Пригожинге куюп койгондой окшош кишинин сүрөтү, бирок аттары башка" төрт паспорт табылганы белгиленген. "Фонтанка" булар Пригожинге окшош адамдар үчүн жасалган документтер экенин божомолдогон.

"Фонтанка" жарыялаган сүрөттөрдүн арасында, Евгений Пригожинге куюп койгондой окшош адамдын 2020-жылы Литвага баргандагы паспорту дагы бар. Ал учурда Европа биримдиги Пригожинди санкциялык тизмеге киргизген болчу. Экинчи паспортко Пригожиндин өзүнүн сүрөтү чапталып, бирок ага Владимир Бобров деп жазылган. Аталган басылма чындыгында ушундай адам бар экенин, ал ЛДПРден бир нече жолу жергиликтүү шайлоого талапкер болгон Осташков шаарындагы инженер экенин жазган. Анын Пригожин менен кандай байланышы бар экени белгисиз.


Пригожиндин сүрөтү менен табылган дагы бир паспорт Дмитрий Гейлердин атында. 2021-жылы "Свобода" радиосу Санкт-Петербургдагы "Согаз" клиникасы Владимир Путиндин жакын адамдарын дарылаганын жазган. Гейлер да бейтаптардын арасында болгон. Кардарлардын базасында анын аты-жөнүнүн тушуна "супер VIP" деп белгиленген. Бул бейтап чындыгында "Вагнер" жеке аскердик компаниясынын жетекчиси болгон деп болжолдоого болот.

Пригожиндин кеңсесин тинтүү боюнча укук коргоо органдары расмий комментарий бере элек. Ишембинин кечинде Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков ага каршы козголгон кылмыш иши жабыларын айткан. Кылмыш иши эмненин негизинде токтотулары азырынча белгисиз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG