Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:29

Воронежде Ка-52 тик учагынын сыныктары табылды


Ка-52 тик учагы
Ка-52 тик учагы

Воронеж облусунда орус армиясынын Ка-52 тик учагынын сыныктары табылганын "Свобода" радиосу "Верстка" басылмасына таянып жазды.

Учак Коминтерн айылына жакын жерге кулап, эки киши мерт болгон. Алдын ала маалыматтарга караганда тик учакты "Вагнердин" жалданма жоочулары атып түшүргөн болушу мүмкүн.

Буга чейин аскердик авиация туурасында жазып келген Fighterbomber Телеграм-каналы “вагнерчилер” ишемби күнү орус армиясынын алты тик учагын жок кылганын ырастоодо.

Евгений Пригожин жалданма жоочулары жолдо карай эч кимди өлтүрбөгөнүн айтып, орус бийлигин “вагнерчилердин” колоннасына чабуул жасоодо авиацияны колдонгону үчүн айыптаган.

Орусиянын Коргоо министрлиги аскердик техниканын жок болушу жана учкучтардын өлүмү тууралуу расмий билдире элек.

“Вагнердин” жалданма жоочулары Ростов-на-Дону шаарын басып алып, Москва тарапты көздөй багыт алганы кабарланууда. Алардын лидери Евгений Пригожин Украинадагы ийгиликсиз согуш үчүн коррупциялашкан, компетентсиз командирлерди айтыптап, аларды алуу максатын көздөп жатканын билдирүүдө.

Орус президенти Владимир Путин "Вагнердин" аракеттерин “куралдуу козголоң” деп мүнөздөп, Пригожинди Орусиянын аскерий жетекчилигин кулатуу үчүн “жеке амбициясынан улам Орусияга чыккынчылык кылды" деп айыптады.

Бир катар өлкөлөр Орусиядагы кырдаалга көз салып турганын билдиришти.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG