Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:14

Путин абактагыларды армияга тартууга жол ачкан мыйзам чыгарды


"Атайын аскердик операцияга тартылуучу адамдардын кылмыш жоопкерчилигинин өзгөчөлүктөрү жөнүндө" РФ мыйзамы. 24-июнь 2023-ж.
"Атайын аскердик операцияга тартылуучу адамдардын кылмыш жоопкерчилигинин өзгөчөлүктөрү жөнүндө" РФ мыйзамы. 24-июнь 2023-ж.

Орусиянын Куралдуу күчтөрү менен аскерде кызмат өтөө боюнча келишим түзгөн абактагы адамдарды мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгаруу жөнүндө жарлык чыкты. Ага 24-июнда Орусиянын президенти Владимир Путин кол койгону белгилүү болду.

Путин соттуулугу бар же аскерде кызмат өтөөгө жарым-жартылай жарактуу жарандарга куралдуу күчтөр менен келишим түзүүгө мүмкүндүк берген мыйзамга да кол койду.

2022-жылдын 24-февралында Орусия Украинага кол салгандан бери “Вагнер” аскердик компаниясы Орусиядагы абактарда жаткан жарандар менен келишим түзүп, аларды өз катарында согушка тартып келген. Орус абактарында жатып, ар кандай коркутуп-үркүтүүлөр жана азгыруулар менен “Вагнер” тобунун катарына кошулуп Украинага согушка кеткен кыргызстандыктар да бар. "Азаттык" алардын онго жакыны каза тапканын тактаган.

Бир катар өлкөлөрдө террордук уюм катары кара тизмеге алынган “Вагнер” компаниясынын катарында бүгүнкү күндө 25 миңдей киши бар жана алар заманбап курал менен жабдылган. “Вагнер” ушул күнгө чейин Орусиянын бюджетинен каржыланып келген.

24-июнда "Вагнердин" жоочулары Орусиянын Ростов-на-Дону, Липецк, Воронеж облусундагы стратегиялык жайларды басып алды. Орус армиясы аларды токтотуу үчүн болгон күч-аракетин жумшап жатат. Кремлдин чечими менен Москва шаарына, Москва жана Воронеж облустарына контртеррордук операция режими киргизилди.

ТАСС басылмасы Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Павел Крашенинников эгерде "Вагнердин" жоочулары куралын таштаса, аларга мунапыс берилерин билдиргенин жазды.

  • 22-июнда Евгений Пригожин Орусиянын Коргоо министрлигин анын тобунун лагерлерине сокку урууга айыптап, мунун айынан кол астындагы көп адамы өлгөнүн айткан."Вагнерчилер" "өлкөдө эмнеге мындай башаламандык болуп жатканын териштире" турганын белгилеген. Пригожин бирок сокку качан, кайсы жерде урулганын тактаган эмес. 24-июнда Орусиянын Коргоо министрлиги Евгений Пригожин таратты деген бул маалымат чындыкка дал келбеген чагым экенин билдирди.(KbA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG