Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:14

Стамбулда "ИМ" радикал уюмунун канатын жетектеген тажикстандык кармалганы кабарланууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Стамбулда "Ислам Мамлекети-Хорасан" террордук тобунун бөлүм башчыларынын бири, Тажикстандын жараны Шамиль Хукуматов кармалганын 22-июнда түрк маалымат каражаттары жазышты.

Кабарларга караганда, "Абу Мискин" деген ысым менен таанымал Хукуматов террордук топтун катарына жаңы согушкерлерди азгыруу жана акча чогултуу менен алектенип жүргөн.

Түрк медиалары өз булактарына таянып жазгандай, тажик бийлиги "Абу Мискинди" камоого ордер жөнөтүшкөн. Ал мекенинде да бир катар айыптар боюнча издөөдө.

Бул боюнча расмий Дүйшөмбү эч кандай билдирүү жасай элек. Тажикстан Хукуматовду экстрадиялоону талап кылабы азырынча белгисиз. Былтыр сентябрда, Түркия "Абу Довуд" деген лакап ат менен таанымал Парвиз Саидрахмоновду Тажикстанга өткөрүп берген. Жыл соңунда ал чет өлкөнүн аймагында согушка катышканы, террордук уюмга аралашканы үчүн 21 жылга эркинен ажыраткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG