Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:58

Кыргызстан Орусиядан "Ми-17" тик учагын сатып алды


Кыргызстан Орусиядан сатып алган "Ми-17" тик учагы. 23-июнь, 2023. Сүрөт Коргоо министрлигине таандык.
Кыргызстан Орусиядан сатып алган "Ми-17" тик учагы. 23-июнь, 2023. Сүрөт Коргоо министрлигине таандык.

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн абадан коргонуу күчтөрү Орусиянын "Рособоронэкспорт" мамлекеттик ишканасынан Ми-17 тик учагын сатып алды. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы 23-июнда кабарлады.

"Көп максаттуу Ми-17 тик учагы Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн алдында коюлган милдеттерди аткарууга мүмкүлүктөрүн кыйла жогорулатат", — деди тик учакты тапшыруу салтанатында коргоо министри Бактыбек Бекболотов.


Президент Садыр Жапаров Коргоо кеңешинин 13-июндагы жыйынында Коргоо министрлигинин беш тик учагы бюджеттин эсебинен капиталдык ремонттон өткөнүн, андан тышкары жаңы “Ми-17 В5” тик учагы сатылып алынганын, кошумча дагы “Ми-17” маркасындагы тик учак алуу планда бар экенин билдирген.

Кыргыз бийлиги коргонуу жана коопсуздук тармагына көп көңүл бурула баштаганын билдирип келет. Буга чейин Кыргызстан абадан коргонуучу “Аксунгур”, “Акынжы”, “Анка” аскердик техникасын, “Байрактар” учкучсуз учактарын алганы расмий маалымдалган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG