Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:34

Украин армиясы орус ракеталарын толук атып түшүрдү


Орус армиясынын учкучсуз аппараты абадан жардырылган учур. Киев, 20-июнь, 2023-жыл.
Орус армиясынын учкучсуз аппараты абадан жардырылган учур. Киев, 20-июнь, 2023-жыл.

23-июнга караган түнү орус армиясы Украинанын аймагын канаттуу ракеталар менен аткылоону улантты.

Алардын бардыгы абадан атып түшүрүлгөнүн Украин куралдуу күчтөрү билдирди.

Маалыматка караганда, чабуул Хмельницк облусундагы аскердик аэродромго багытталган. Ракеталар Каспий деңизинин аймагындагы ТУ-95МС төрт стратегиялык бомбалоочу учактан учурулган.

Өлкө чыгышында жана түштүгүндө айыгышкан кармаш уланууда. Украинанын коргоо министринин орун басары Анна Маляр украин күчтөрү түштүктө, Мелитополь жана Бердянск багыттарында алдыга жылып баратканын билдирди.

"Акырындап алдыга жылып баратабыз, жарым-жартылай ийгиликтер бар", -деди Маляр.

Орусиялык аскерий блогерлер Серебрянский токоюндагы салгылаш тууралуу жазып, орус күчтөрү алдыга жылып баратканда украин армиясынын катуу артиллериялык аткылоосуна кабылганын белгиледи.

Эки тараптын тең билдирүүлөрүн согуш маалында көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG