Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:32

Орусия-Кыргыз фонду активдери бөгөттөлгөнүн ырастай да, төгүндөй да элек


Орусия-Кыргыз өнүгүү фонду активдери Европада чектөөгө алынганы тууралуу маалыматты ырастай да, төгүндөй да элек. “Азаттык” 23-июнда фонддун жетекчиси Артем Новиковго кайрылганда ал эч нерсе айта албай турганын билдирди:

“Мен жумуш ордумда элемин. Соңку бир апта эч жакка учкан жокмун. Мындан башка эч нерсе айта албайм”.

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев да маалыматы жок экенин айтты:

“Менде азырынча эч кандай маалымат жок. Мен Париж клубуна бардым”.

Фонддун активдерин блоктон чыгаруу боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканын 22-июнда Economist.kg басылмасы жазган. Брюсселде Кыргызстандын экономика, каржы, юстиция министрлери, фонддун өкүлдөрү Европа Биримдигинин жетекчилиги менен ушул маселени талкуулап жатканын маалымдаган басылма фонддун активдери белгиялык Euroclear Bank S.A./N.V. каржы мекемесинде бөгөттөлгөнүн жазган.

Кыргызстандын Каржы министрлигинин маалыматына караганда, экологияга жана социалдык маанилүү долбоорлорго алмашуу сунушу менен мамлекеттик тышкы карызды реструктуризациялоо боюнча маселелер Парижде талкууланды.

Өмөттүн басма сөз кызматы Парижден делегация бүгүн кайтарын маалымдады.

Украинага кол салганы үчүн Орусия жана аны менен байланышы бар уюмдар, мекемелер, адамдар Европанын жана АКШнын санкцияларына кабылып келүүдө. (TSh/ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG