Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:53

"Титаникти" изилдөөгө түшкөн кеменин экипажы набыт болгону аныкталды


OceanGate Expeditions компаниясы 2021-жылы тараткан "Титан" суу алдына сүзүүчү аппараттын сүрөтү.
OceanGate Expeditions компаниясы 2021-жылы тараткан "Титан" суу алдына сүзүүчү аппараттын сүрөтү.

"Титаник" кемесин изилдөөгө Атлантика океанынын түпкүрүнө түшкөн "Титан" субмаринасынын (суу алдында сүзүүчү кеме) экипажы толугу менен набыт болду деп табылды.

Бул тууралуу бейшембиде саякатты уюштурган компания жана батискафты издөөгө катышкан АКШнын Жээк коргоо кызматы маалымдады.

"Биздин башкы директорубуз Стоктон Раш, Шахзада Давуд жэна анын уулу Сулейман Давуд, Хэмиш Хардинг жана Поль-Анри Нарголе, тилекке каршы, каза болду деп эсептейбиз. Булар Тынч океанды иликтөө жана коргоону каалаган чыныгы изилдөөчүлөр болчу", - деп билдирди OceanGate компаниясы.

Куткаруу иштеринин жүрүшүндө "Титандын" калдыктары табылгандан кийин билдирүү жарыяланды. Батискафтын калдыктарын "Титаник" чөккөн жерден бир чакырымдай аймактан океандын түпкүрүнөн табышкан.

Адистердин баамында "Титан" суу алдындагы басымды көтөрө албай иштен чыккан болушу ыктымал. Бул качан, кандайча болгону азырынча белгисиз. Изилдөөчүлөрдүн сөөгү азырынча табыла элек.

Батискафта төрт күндүк кычкылтек бардыгы, бейшембиде түгөнөрү мурдатан айтылып жаткан. Кычкылтек иш жүзүндө андан көбүрөөк убакытка жетиши ыктымалдыгынан улам издөө иштери уланган.

Издөө иштерине америкалык жана канадалык аскер учактары, Жээктеги коргоо кызматынын кемелери жана суу алдында сүзүүчү роботтор тартылды. Издөө иштери төрт чакырымдай тереңдикте жүргүзүлдү.

Бир кылым мурда океанга чөккөн "Титаник" кемесин изилдөө үчүн суу алдына кеткен "Титан" батискафынын экипажы менен байланыш жекшемби күнү алар сууга түшкөндөн эки сааттан кийин үзүлгөн.

Субмаринада беш киши: 59 жаштагы британиялык миллиардер, иликтөөчү, ишкер Хэмиш Хардинг, пакистандык ишкер Шахзада Давуд уулу Сулейман менен, OceanGate Expeditions компаниясынын негиздөөчүсү Стоктон Раш жана франциялык суу алдындагы учкуч Поль-Анри Нарголе болгон.

OceanGate компаниясынын маалыматына караганда, "Титан" 3800 метр тереңдикке түшө алган дүйнөдөгү беш суу алдында сүзүүчү кемелердин бири. Салмагы 10 тоннага жакын.

Суу алдына сүзүүчү кеме менен океандын түбүнө түшүү адатта сегиз саатка созулат. Саякаттын баасы 250 миң доллар турат.

Тарыхта эң чоң, кымбат кеме "Титаник" 1912-жылы Саутгемптондон (Британия) Нью-Йоркко баратканда айсберг менен кагылышып чөгүп кеткен. Кемедеги 2208 адамдын 1503ү набыт болгон. "Титаниктин" калдыктары 1985-жылы табылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG