Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:53

ИИМ эл аралык издөөдөгү эки жаран Испания, Орусиядан кармалганын билдирди


Интерпол аркылуу издөөдөгү эки жарандын бири (солдо)Мадрид аэропортунан, экинчиси Новосибирск аба майданынан кармалган. 22-июнь, 2023-жыл. Сүрөт ИИМге таандык.
Интерпол аркылуу издөөдөгү эки жарандын бири (солдо)Мадрид аэропортунан, экинчиси Новосибирск аба майданынан кармалган. 22-июнь, 2023-жыл. Сүрөт ИИМге таандык.

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) Интерпол аркылуу издөө жарыялаган эки жарандын бири Испаниянын борбору Мадриддеги аэропорттон, экинчиси Орусиянын Новосибирск шаарындагы аба майданынан кармалганын билдирди.

ИИМдин басма сөз кызматы кабарлагандай, Кыргызстандын жараны, 1988-жылы туулган жаранга Бишкектин Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы (РИИБ) тарабынан 2022-жылы издөө жарыяланган. Ал 140 миң доллар акчаны алдап алып, изин жашырып кеткен деп шек саналууда.

Маалыматка ылайык, шектүү Түркияда жүргөн жана Кыргызстан менен экстрадиция келишими жок өлкөлөргө чыгып кетүүнү көздөп, АКШга жетүү үчүн Түркия-Мексика багытындагы учакка билет сатып алган.

Ал эми дагы бир кыргызстандык жаран - 1988-жылы туулган жаран мурдагы банк кызматкери, кардардын 900 миң сомун алган боюнча качып кеткен деп шек саналып, Орусиянын Новосибирск шаарындагы аэропорттон кармалды.

ИИМ Тышкы иштер министрлиги, Башкы прокуратура менен чогуу кармалгандарды алып келүү аракетин көрүп жатат.

Кармалган тараптан азырынча комментарий боло элек.

Кыргызстанда ар кандай кылмыштарга шек саналып, эл аралык издөөгө алынган жарандар тууралуу так маалымат жок.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, учурда Орусиянын абактарында 1077 кыргыз жараны жаза өтөп жатат. Алардын көбү баңгизат колдонуу, таратууга айыпталгандар.

Тышкы иштер министрлиги Кытайдын абактарында 18 кыргызстандык кармалып турганын маалымдаган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG