Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:35

Парламент депутаттары Байсаловдун кызмат ордун кароо маселесин көтөрдү


Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов

Жогорку Кеңештин 21-июндагы жыйынында бир катар депутаттар Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун кызмат ордун кароо маселесин көтөрүштү. Айрымдары анын кызматтан алынышын талап кылышты. Парламент спикери Нурлан Шакиев "Байсаловдун комитет жыйынында сүйлөгөн сөздөрү жана андан кийинки маектери көз жаздымда калбай турганын", бул боюнча Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен дагы сүйлөшкөнүн билдирди.

"Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары мыйзам чыгаруу бийлиги менен аткаруу бийлигинин ортосунда чоң жарака кетирип, ойлонулбаган, жоопкерчиликсиз сөздөрдү сүйлөгөнү үчүн тартип жоопкерчилигине чакырылышы керек. Бул боюнча бүгүн президент менен дагы сүйлөшөм. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары же мүчөлөрү эч качан Жогорку Кеңештин дарегине, аброюна шек келтирүүгө эч кандай укугу жок, ага жол бербейбиз. Ар ким өзүнүн ишин так аткарыш керек. Жогорку Кеңеш өкмөттөн, Министрлер кабинетинен талаптарды коюп, анын аткарылышын сураганга конституциялык укугу бар", - деди Шакиев.

Президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытов мыйзам боюнча, элдин атынан президент жана депутаттар сүйлөй аларын, учурда ар ким өз ыйгарым укугун так аткарып жатканын белгиледи.

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 20-июндагы жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов менен депутаттар ортосунда кайым айтышуу болгон. Байсалов "Министрлер кабинетин түзгөн президент элдин атынан сүйлөй аларын, парламенттин чечимдери кеңеш берүүчү гана экенин" айткан.

Байсалов "парламенттин жыйыны эки бийлик бутагынын сүйлөшө турчу аянтчасы экенин, депутаттар да өкмөткө мамилесин оңдошу керектигин" айтып, парламент депутаттары менен кайым айтышкан учурлары буга чейин да болгон.

2020-жылдагы бийлик алмашуудан кийин Баш мыйзам кайра өзгөртүлүп, өлкө референдум жолу менен президенттик башкарууга өткөн жана парламенттин ролу менен ыйгарым укуктары кыйла кыскарган. Ал Баш мыйзамда депутатты чакыртып алуу жобосу кошулган.

Соңку парламенттик шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрда өткөн. Жогорку Кеңештин бул чакырылышы 90 депутаттан куралган. Алардын 54ү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу шайлоо округдарынан шайланып келген. (KЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG