Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:23

Июнда Токтогулда былтыркыга караганда 2 млрд. куб метр аз суу топтолду


Токтогул суу сактагычынын суу тартылып кеткен жээги. Сүрөт 2022-жылы 29-июнда тартылган.
Токтогул суу сактагычынын суу тартылып кеткен жээги. Сүрөт 2022-жылы 29-июнда тартылган.

Быйыл кыш мезгилинде электр энергиясын чектөө же маал-маалы менен өчүрүү маселеси Токтогул суу сактагычына чогулган суунун көлөмүнөн көз каранды болот. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев бүгүн, 20-июнда Жогорку Кеңештин укук тартиби, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетинде билдирди.

"Суу сактагычка суунун агып кириши толук бир айга кечикти. Азыр суу былтыркы ушул убакка караганда 2 миллиард куб метрге аз. Эгер ушул темп менен кеч күзгө чейин 14,5 миллиард куб метр суу жыйнай алсак, анда электр энергиясы менен маселе болбойт. Эгер суунун көлөмү 13 млрд. куб метр деңгээлинде кала берсе, электр кубатынын таңкыстыгы 2,5 млрд. киловатт саатты түзөт".

Таалайбек Ибраев Бишкек Жылуулук электр борборунун үзгүлтүксүз ишин камсыздоо үчүн кошумча көмүр алуу боюнча келишим түзүлүп жатканын айтты.

Анын билдирүүсүндө, азыр Токтогул суу сактагычында 9,5 млрд. куб метр суу бар.

Суу былтыр кышкы жылуулук мезгилинде 7,8 млрд. куб метрге чейин түшүп, май айында 8,5 млрд. куб метр менен жабылды. Июнь ортологондо гана көлөм 9,5 млрд. куб метрге жеткен.

Суу сактагычка 19,2-19,6 млрд. куб метрге чейин суу чогулат. 2007-2008-жылдары андагы суу 7-8 млрд. куб метрге чейин азайып, элге электр энергиясын берүүгө чектөө киргизилген.

Энергетиктер суу 6-6,5 млрд. куб метрге түшсө, ГЭС авариялык абалга кабыла турганын эскертишет. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG