Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:14

Кыргызстан экология боюнча дүйнөлүк рейтингде 126-орунду ээледи


Кышында Бишкектин үстүн каптаган ыш. Архивдик сүрөт.
Кышында Бишкектин үстүн каптаган ыш. Архивдик сүрөт.

Кыргызстан 2022-жылы экологиянын деңгээли боюнча рейтингде 180 өлкөнүн ичинен 126-орунду ээледи. Бул тууралуу The Environmental Performance Index сайты жарыялады. Биринчи орунга 77.9 балл менен Дания чыккан. Экологиясы эң таза өлкөлөрдүн сап башында Британия, Финляндия, Мальта, Швеция, Люксембург, Словения, Австрия, Швейцария жана Исландия турат.

Кыргызстан бул рейтингде 35,7 балл алып, 126-орунду ээледи. 125-орунда Уганда, 127-кезекте Буркина-Фасо өлкөрү турат.

Беларус 55-орунду, Армения 56, Казакстан 93, Өзбекстан 107, Орусия 112, Тажикстан 117, Түркмөнстан 118-орунду ээлеген. Бул рейтингде 18,9 балл менен акыркы орун Индияга берилген.

Йель университетинин алдындагы Экологиялык саясат жана укук борбору (Yale Center for Environmental Law and Policy) жыл сайын дүйнөдөгү экологиясы таза өлкөлөрдүн рейтингин түзүп келет. Изилдөөдө өлкөнүн экологиясынын абалы жана 10 категориядагы 22 индикатордун негизинде жаратылыш ресурстарын башкаруу боюнча жетишкендиктер эске алынат. Ага экосистеманын жашоого жөндөмдүүлүгү, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо, климат да кирет.

World Air Quality уюмунун индексинде жыл сайын күз-кыш айларында Бишкек абасы кир шаарлардын сап башына чыгууда.

Ордо калаада акыркы жылдарда абанын булганышы башкы экологиялык маселеге айланат. Жылытуу сезону башталган учурда баш калааны ыш, кара түтүн каптайт. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG