Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:29

БУУ: Украинадагы согушта 9083 жайкын тургун каза болду


Орусия Украинага бастырып кирген 2022-жылдын февраль айынан бери украиналык 9083 жайкын тургун каза болуп, 15 779 киши ар кандай деңгээлде жараат алды. Бул тууралуу БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарлыгынын июнь айындагы баяндамасында айтылды.

Докладдын авторлору билдиргендей, ушул жылдын 18-июнуна карата каза болгондордун басымдуу бөлүгү Донецк жана Луганск облустарына туура келет. Бул аймактардын Украина көзөмөлдөгөн бөлүгүндө 4105 киши каза болуп, 5861и жараат алган. Орусиялык армия ээлеп турган бөлүгүндө 718 жайкын тургун набыт болуп, 2521и жарадар болгон.

Жайкын тургундар жарылуучу заттар, оор артиллериянын аткылоосу, зениттик ракеталар, аба чабуулдарынын натыйжасында курман болушкан. БУУ каза болгон жайкын тургундардын саны мындан көп болушу мүмкүн экенин, согуш жүрүп жаткан аймактардан маалымат тактоо убакытты талап кыларын белгиледи.

Баяндамага жарадар болгондор жана каза болгондор тууралуу жергиликтүү бийлик кабарлаган Орусиянын облустарынын тургундары кирген эмес.

Февраль айында Украинанын Башкы прокуратурасынын Аскердик департаментинин башчысы Юрий Белоусов The Independent басылмасына берген маегинде, согуштук аракеттердин жүрүшүндө 100 миңге жакын украиналык жаран каза болушу мүмкүн экенин айткан.

Украинадагы согушта карапайым калктан тышкары, ар кандай маалыматтар боюнча бир нече жүз миңге чейин жоокер жарадар жана набыт болгон. Тараптар каршы тараптын жоготууларын айтышканы менен өздөрүнүн жоготууларын ачыкка чыгарышпайт. Согуш шартында мындай кабарларды текшерүү мүмкүн эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG