Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:21

БШК талапкерлердин жоопкерчилигин кароону сунуштады


28-майда №26 Ленин шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына кайра шайлоо өткөн.
28-майда №26 Ленин шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына кайра шайлоо өткөн.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү (БШК) Искендер Гаипкулов шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга себеп болгон талапкерлердин материалдык жоопкерчилигин караган мыйзам долбоорун иштеп чыгууну сунуштады. Анын сунушун 16-июндагы жыйында БШКнын бардык мүчөлөрү колдоду. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

“Мыйзамдарга түзѳтүүлѳрдүн тийиштүү долбоору андан ары Жогорку Кеңешке сунуш кылуу үчүн шайлоо мыйзамдарын ѳркүндѳтүү боюнча мекемелер аралык жумушчу топто талкууланмакчы”, - деп айтылат БШКнын билдирүүсүндө.

28-майда №26 Ленин шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына кайра шайлоо өткөн.

Боршайком шайлоодо биринчи орунду алган Дамира Ниязалиеванын жана экинчи болгон Улан Сариевдин каттоосун жокко чыгарып, андан кийин жыйынтыгын жараксыз деп тапкан. Ниязалиева добуштардын 35,86% алган. Эгерде шайлоо участогуна келгендердин 30% көбүнүн добушу жокко чыгарылса, анда шайлоо өткөн жок деп табылып, бир айдын ичинде жаңы шайлоо дайындалат.

Дамира Ниязалиева менен Улан Сариев “шайлоочулардын добушун сатып алууга” шек саналып жатат. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG