Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:08

Кыргызстанга Германиянын президенти расмий сапар менен келет


Франк-Вальтер Штайнмайер. Архив сүрөт.
Франк-Вальтер Штайнмайер. Архив сүрөт.

Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер 21-23-июнда Кыргызстанга расмий сапар менен келет. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Сапардын жүрүшүндө кыргыз президенти Садыр Жапаров менен жолугушат.

"Мамлекет башчылары кыргыз-немис кызматташтыгын, мындан тышкары мамилелерли достукта жана өнөктөштүктө өнүктүрүүнүн болочогун талкуулайт", - деди Азымбакиев.

19-21-июнда немис президенти Казакстанга келери айтылган.

Казакстандык басылмалар ал казак президенти Касым-Жоомарт Токаев менен жолугуп, бизнес форумга катышарын жазышты. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG