Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:07

НАТОго мүчө өлкөлөр Столтенбергдин дагы бир жылга калуусун өтүнүүдө


Йенс Столтенберг
Йенс Столтенберг

Түндүк Атлантикалык альянска (НАТО) мүчө өлкөлөр уюмдун баш катчысы Йенс Столтенбергден жетекчилик ордунда дагы бир жылга калуусун өтүнүшүүдө. The Washington Post өз булактарына таянып билдиргендей, буга жаңы жетекчи боюнча бир пикирдин жоктугу себеп болуп жатат.

НАТОнун баш катчылыгына талапкерди тандоо Вильнюста 11-12-июлда болору күтүлүп жаткан. Бирок азырынча бир да талапкер ачык тааныштырыла элек. Айрым маалымат каражаттары мурдараак уюмдун жетекчилигине Британиянын коргоо министри Бен Уоллестин, Даниянын премьер-министри Метте Фредериксендин, Нидерланддын өкмөт башчы Марк Рюттенин жана ошондой эле Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйендин талапкерлигин божомолдоп жазышкан.

The Washington Post жазгандай, апта башында НАТОнун баш катчысы жана АКШнын президенти Вашингтондо жолугуп, сүйлөшкөн. Басылманын булагынын сөзүнө караганда, президент Байден Литвада өтүүчү саммитте жаңы жетекчи боюнча бир пикир болбошу ыктымалдыгын билдирген. Байден дагы Столтенбергди НАТОнун башында андан ары да көрүүгө кубанычта экенин айтканын аталган басылма кошумчалады.

АКШ президенти НАТОнун баш катчысын кызмат ордунда калууга чакырганын жума күнү норвегиялык маалымат каражаттары да жазып чыгышкан.

Йенс Столтенберг - Норвегиянын мурдагы өкмөт башчысы, мамлекеттик жана саясий ишмер. Альянсты 2014-жылдан бери жетектеп келет. Уюм башчылыгына Столтенбергдин талапкерлигин Германиянын ошол кездеги канцлери Ангела Меркел сунуштаган.

НАТОнун баш катчысы 2022-жылы алмашууга тийиш эле. Украинадагы согушка байланыштуу токтоп калган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG