Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:20

Бишкекте кыргыз-палестин кызматташтыгы талкууланды


Садыр Жапаров Махмуд Аббас менен жолукту.
Садыр Жапаров Махмуд Аббас менен жолукту.

Бишкекте кыргыз-палестин кызматташтыгы талкууланды. Кытайдагы мамлекеттик сапарынан кийин 16-июнда Кыргызстанга жол ара (кыска мөөнөттүү) сапар менен келе кеткен Палестинанын президенти Махмуд Аббас президент Садыр Жапаров менен жолукканын мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, Жапаров Кыргызстан араб дүйнөсү менен кызматташууну бекемдөөгө умтуларын жана Палестинаны эл аралык аренада колдоп келгенин, кыргыз тарап Бириккен Улуттар Уюму менен Ислам Кызматташтык Уюму алкагында Палестина менен кызматташууну өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин айтты.

Палестинанын президенти Махмуд Аббас эки тараптуу мамилелердин абдан чоң потенциалын эске алуу менен өнөктөштүктүн темпин күчөтүүнү кааларын билдирди жана Кыргызстанда элчилигин ачууга даяр экенин белгиледи.

Эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелер 1995-жылдын сентябрь айында түзүлгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG