Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:15

Балдар ооруканасындагы дарыгерлердин чырын этика комиссиясы териштирет


Эне жана баланы коргоо улуттук борбору. Архивдик сүрөт.
Эне жана баланы коргоо улуттук борбору. Архивдик сүрөт.

Бишкектеги "Эне жана баланы коргоо" улуттук борборунда дарыгерлер чырдашкан окуя боюнча мекеменин этика комиссиясы териштирүү жүргүзөт. Бул тууралуу 16-июнда “Азаттык” радиосуна оорукананын жетекчиси Гүлзат Маймерова “Албетте, булардын кылганы такыр туура эмес. Этика комиссиясы териштирүү жүргүзөт” - деп айтты.

Маймерова чырдашкан окуя былтыр жыл соңунда ЛОР бөлүмүндө болгонун, социалдык түйүндөрдө тарап жаткан видеодогулардын бири анын кызы экенин ырастады. Анын кызы ооруканада онкологиялык дартка чалдыккан балдарды дарылаган ЛОР хирург болуп былтыртан бери иштеп келатканын, буга чейин анын жүрүм-турумуна байланыштуу арыз-даттануу укпаганын билдирди.

Аталган ооруканада дарыгерлер жапырт иштен кетип жатканы тууралуу маалымат буга чейин тараган. Маймерова соңку 1,5 жыл ичинде кызматкерлердин 10% жумуштан кеткенин, бирок бул нормалдуу көрүнүш экенин айтты. Балдар ооруканасы деп аталганы менен алты гана хирург эмгектенерин, педиатрлар аздыгын, мурда жылына педиатрия адистигин 350-400 киши аяктаса, азыр болгону 100дүн тегерегинде адис даярдалып жатканын белгиледи.

Ооруканадагы чырдын видеосу социалдык түйүндөргө жарыяланып, “жетекчинин агрессия көрсөткөн кызы жоопко тартылсын, иштен алынсын” деген комментарийлер менен коштолууда.

Чуулгандуу окуяга аралашкан башка дарыгерлер азырынча өз пикирин билдире элек.

Саламаттык сактоо министрлиги комментарийди оорукананын жетекчиси өзү берерин билдирди.

Гульзат Маймерова балдар ооруканасына жетекчи болуп 2021-жылдын май айында дайындалган, ага чейин директордун илимий иштер боюнча орун басары болчу. Борборду ага чейин 13 жыл башкарган Камчыбек Узакбаев ооруканага тааныштары аркылуу ийне сайдырганы барып каза болуп калган дипломаттын өлүмүнөн кийин иштен кеткен.

Бишкектин Жал кичи районунда жайгашкан бул ооруканада республиканын бардык аймактарынан барган жеткинчектер медициналык дарылоодон өтөт. Алар үчүн 600дөй орун бар. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG