Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:56

Чех президенти Павел: Батышта жашаган орусиялыктарга тыкыр көз салуу керек


Чехиянын президенти Петр Павел "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун баш кеңсесине келип, жаңы ТВ студиянын ачылышына катышты. 14-июнь, 2023-жыл. Прага.
Чехиянын президенти Петр Павел "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун баш кеңсесине келип, жаңы ТВ студиянын ачылышына катышты. 14-июнь, 2023-жыл. Прага.

Чехиянын президенти Петр Павел коопсуздук кызматтары Батышта жашаган орусиялыктарга тыкыр көз салуусу зарыл экенин айтты. Ал муну былтыр Орусия Украинага басып кирип, баштаган «согуштун баасы» деп сыпаттады.

14-июнда «Эркин Европа/Азаттык» радиосу менен болгон маегинде президент Павел Москванын Украинага согуш ачкан чечиминен улам кыйынчылыктарга дуушар болуп жаткан четтеги орусиялыктарга боору ооруса дагы «согуш маалында орус жарандарына коопсуздук чаралары тынч замандагыдан катаалыраак болушу зарыл экенин» белгиледи.

Павел Экинчи дүйнөлүк согуш маалында АКШда жашаган жапондор дагы «тыкыр көз салуунун алдында» жүргөнүн кошумчалады.

Экинчи дүйнөлүк согуш маалында Кошмо Штаттардын бийлиги бери дегенде жапон тектүү 125 миң адамды, анын ичинде он миңдеген америка жарандарын «аскердик борборлорго» киргизген. Азыр мындай «борборлор» концентрациялык лагерлер деп аталат. 1948-жылдын бери Вашингтон аман-эсен чыккандарга кенемте төлөп келген. Ал эми 1980-жылдары Кошмо Штаттар расмий кечирим сураган.

Согуш башталганы Орусиядан жүз миңдеген жаран чыгып кетти, алардын көбү аскердик мобилизациядан качкандар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG