Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:17

Баяндама: Түркияда 15 кыргызстандык кулчулуктун курмандыгы болду


15-июнда АКШнын мамлекеттик департаменти адам сатууга каршы чаралар боюнча докладын жарыялады. Анда 188 өлкө камтылган.

95 барактан турган баяндаманын басымдуу бөлүгү адам сатууну алдын алуу жана аны менен күрөшүү боюнча сунуштарга багытталган.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен 2022-жылы жалпысынан 27 миллион курмандыктын 115 300үнүн гана тек-жайы такталганын билдирди.

Баяндамада ошондой эле Түркия кулчулукту жок кылуу боюнча стандарттарга толук жооп бербегени менен бул багытта олуттуу аракеттерди жасаганы белгиленет.

Түркияда адам аткезчилигинин курмандыктары негизинен Борбор жана Түштүк Азия, Чыгыш Европа, Азербайжан жана Сириядан киргени айтылат.

"Түркияда 2023-жылы аныкталган 345 курмандыктын көбү сириялык (108), өзбекстандык (57), ооганстандык (33) жана кыргызстандык (15)", - деп жазылат баяндамада.

Расмий маалыматтарга ылайык, 2020-жылы Түркияда адам сатуунун жалпы 282 курмандыгы расмий аныкталган. Алардын арасында кыргызстандыктар да болгон. (ElB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG