Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:30

Казакстанда блогерлерди салык төлөөгө милдеттендирген мыйзам каралууда


Жаңылыкка тиешеси жок, иллюстративдик сүрөт. 17-май, 2023-жыл. Бишкек.
Жаңылыкка тиешеси жок, иллюстративдик сүрөт. 17-май, 2023-жыл. Бишкек.

Казакстан парламентинин төмөнкү палатасы блогерлерди тескеген мыйзам долбоорун жактырды. Эми аны Сенат колдоп, президент кол койсо социалдык тармактар аркылуу акча тапкандар салык төлөөгө милдеттүү болот. Ошондой эле инфлюенсерлер социалдык желедеги билдирүүлөрү үчүн жоопкер болушат.

Мыйзамды демилгелеген депутаттардын айтымында, бул долбоор каржы пирамидаларына жана мыйзамсыз кайрымдуулукка каршы күрөшкө багытталган.

Казакстандык көпчүлүк блогерлерге бул мыйзам долбоору жаккан жок. Ал эми казакстандык укук коргоочулар тиешелүү мыйзам долбоору шашылыш, коомдук талкууга коюлбастан кабыл алынып жатканын белгилешүүдө. Ошондой эле алар бул мыйзам аркылуу ар бир блогер "жалган маалымат таратты" деген шылтоо менен жоопкерчиликке кабылып калышы мүмкүн экенин эскертишет.

"Бул жерде "жалган маалымат" деген түшүнүк киргизилип, ал үчүн административдик жоопкерчиликке тартуу каралган. Менимче, эң кооптуу жери ушул - "жалган маалымат" деген түшүнүк так жазылган эмес. Баардык маалымат жалган болуп чыгышы мүмкүн", - дейт "Укуктук медиаборбор" уюмунун жетекчиси Диана Окремова.

Ал эми эксперттер мындай мыйзамды кабыл алуунун кажети жоктугун, азыркы мыйзамдар деле ар бир жаранды өз кирешесинен салык төлөөгө милдеттендирерин айтып жатышат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG