Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:27

Ошто жер көчкү коркунучунан улам 39 киши коопсуз жайга көчүрүлдү


Кожокелен айылы.
Кожокелен айылы.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) 15-июнда Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Папан айыл аймагындагы Кожокелен айылында эски жер көчкү жылып беш турак үйгө коркунуч жаралганын билдирди.

Мекеме адистер жер көчкүгө атайын белги орнотушканын, активдилүүгү көзөмөлгө алынганын кошумчалады.

Жер көчкүнүн болжолдуу көлөмү 100 миң куб метр деп эсептелди. Жер көчкү коркунучу бар аймактагы беш үйдүн 39 жашоочусу коопсуз жайга көчүрүлдү.

Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаменти 9-июнда бул аймакта жер көчкү коркунучу бар деген корутунду чыгарып, жергиликтүү тургундарга көчүү сунушун берген. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG