Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:17

Күрөш (U23): Бейшекеев менен Жанышов жаштар арасында Азия чемпиону болушту


Грек-рим күрөшү боюнча 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатында 67 килограмм салмакта байге ээси болгон балбандар. Кыргызстандык Раззак Бейшекеев ортодо. "Бишкек-Арена" спорт комплекси. 15-июнь, 2023-жыл
Грек-рим күрөшү боюнча 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатында 67 килограмм салмакта байге ээси болгон балбандар. Кыргызстандык Раззак Бейшекеев ортодо. "Бишкек-Арена" спорт комплекси. 15-июнь, 2023-жыл

Бишкекте өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатында кыргызстандык Раззак Бейшекеев менен Асан Жанышов жеңүүчү болушту. Андан сырткары кыргызстандык төрт балбан күмүш медал тагынды.

15-июнда “Бишкек-Арена” спорт комплексинде грек-рим күрөшүнөн жети салмакта таймаштар өтүп, кыргызстандык балбандар алты салмакта финалда күрөштү.

67 килограмм салмакта финалда Раззак Бейшекеев казакстандык Сырым Сарсен менен беттешип, 6:1 эсебинде жеңишке жетти.Бул салмакта таймаштар айлампа тартибинде өттү. Бейшекеев алгач индиялык Винаяк Сиддхешварды 10:7, кийин түркмөнстандык Бегмурат Нобатовду 10:1, жарым финалда тажикстандык Фируз Мирзораджабовду 4:1 эсебинде жеңип, финалга чыккан.

82 килограмм салмакта Асан Жанышов айлампа тартибиндеги таймаштардын 5-раундунда өзбекстандык Аброрбек Мамыровду 10:1 эсебинде утуп, алтын медал тагынды. Жанышов ага чейин казакстандык Ислам Евлоевди 5:4, индиялык Рохит Дахияны 4:0, түркмөнстандык Ихлас Абдуразаковду 8:0 эсеби менен утуп, алтын байге алууга башкы талапкер болгон.

Ал эми 60 килограмм салмакта Нурмухаммет Абдуллаев, 72 килограмм салмакта Адилхан Нурланбеков, 77 килограмм салмакта Ырыскелди Максатбек уулу жана 97 килограмм салмакта Нурмамбет Раймалы уулу алтын байге үчүн таймаштарда жеңилип, күмүш байгеге ээ болушту.

Бул күнү 130 килограмм салмакта Эрлан Манатбеков эки атаандашына жеңилип, байге үчүн күч сынашуудан четтеген.

16-июнда грек-рим күрөшүнөн үч салмакта, жана кыз-келиндер күрөшүнөн салмакта таймаштар болот. Кыргызстандан бул күнү грек-рим күрөшүнөн 55 килограмм салмакта Улан Муратбек уулу, 63 килограмм салмакта Бекназар Бакытбек уулу жана 87 килограмм салмакта Жеңиш Жумабеков килемге чыгат. Күрөштүн бул түрүнөн командалык эсепте Кыргызстан (эки алтын, төрт күмүш) биринчи күндөгү таймаштардан кийин 11 өлкөнүн ичинен Казакстандан (3 алтын, 3 күмүш) кийин 2-катарда келе жатат.

16-июнда кыз-келиндер күрөшүнөн Нуржаз Жусупова (50 кг), Арууке Кадырбек кызы (55 кг), Гулдана Батырбекова (59 кг), Нурзат Нуртаева (68 кг) жана Кайыркүл Шаршебаева (76 кг) күрөшөт.

15-июнда башталган күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионаты “Бишкек-Арена” спорт комплексинде 18-июнга чейин уланат. Буга чейин 10-июндан 13-июнга чейин ушул эле спорт комплексте күрөш боюнча 17 жашка чейинкилер арасында Азия чемпионаты өтүп, Кыргызстандын балбандары беш алтын, үч күмүш жана беш коло байгеге ээ болушкан. Удаа өтүп жаткан кош чемпионатка 22 мамлекеттен 500гө жакын спортчу келген. (ECh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG