Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:07

Алматы соту Январь окуясында каза тапкан беш кишини күнөөлүү деп тапты


Казакстандагы нааразылыктар. Алматы, 5-январь, 2022-жыл.
Казакстандагы нааразылыктар. Алматы, 5-январь, 2022-жыл.

14-июнда Казакстандын Алматы шаардык соту Январь окуясында каза тапкан беш киши боюнча Бостандык райондук сотунун чечимин күчүндө калтырып, аларды күнөөлүү деп тапты.

Маркумдардын адвокаттары жана жакындары алардын күнөөсү далилденбегенин, тергөө учурунда көрсөтүлгөн сүрөттөр менен видеолордо башка адамдар экенин айтышты.

Алматы шаардык соту биринчи инстанциядагы соттун өкүмүн, ошондой эле сотко чейинки тергөөнүн экспертизасын “мыйзамдын талаптарына жооп берет” деп, өкүмдү өзгөртүүгө “эч кандай негиз жок” деген чечим чыгарды.

Январь окуясында каза тапкан беш кишинин жакындары өкүмгө макул эмес экенин айтып, кийинки инстанцияга арызданарын билдиришти.

2-майда Алматынын Бостандык райондук соту Серик Керимов, Канат Аубакиров, Нурболат Касымжанов, Аслан Уалиев жана Шынгыс Тастанбековдорду “жапырт башаламандыкка катышкан” жана “мамлекеттик имаратка чабуул жасаган” деп тапкан.

Казакстанда суюлтулган газдын кескин кымбатташына байланыштуу тынч митингдер былтыр 2-январда башталып, кийин өлкөнүн башка аймактарына жайылып, кан төгүү, башаламандык менен коштолгон. Расмий маалыматка караганда, тополоңдо кеминде 238 киши каза болгон. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG