Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:00

БУУ: Былтыр 110 миллион адам үй-жайын таштап качууга аргасыз болду

Судандагы зомбулук, башаламандыктан качкан Махамат Бечир Абдалла Судан менен Чаддын чек арасында башка качкындарга суу сатып жан багууга аргасыз. Ал челекке суу толтуруп жатат. Чад. 1-май, 2023-жыл. REUTERS/Махамат Рамадан.

Орусиянын Украинага кол салышы, Судандагы аскердик аракеттер жана Ооганстандагы окуялардан улам былтыртан бери үй-жайын таштап качууга аргасыз болгондордун саны рекорддук көрсөткүчкө жетти. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар иштери боюнча агенттиги билдирди.

14-июнда уюм тараткан билдирүүдө былтыртан баштап быйыл майга чейин мекенинен чыгып кетүүгө мажбур болгондордун саны 110 миллионго жеткени белгиленет. Орусия Украинага 2022-жылдын февраль айында кол салгандан баштап 5,7 миллион адам мекенин таштап качууга аргасыз болгон. Бул - экинчи дүйнөлүк согуштан берки эң жогорку көрсөткүч.

Баарынан көп качкын кабыл алган мамлекеттердин сап башында Түркия (3,6 миллион) турат. Андан кийинки орундарда Иран (3,4 миллион), Колумбия (2,5 миллион), Германия (2,1 миллион).

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG