Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:32

Сот, прокурорлордун ишин текшерүү үчүн депутаттык комиссия түзүлдү


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Кыргызстанда мыйзамсыз соттолгондор, жаза өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулгандар боюнча соттордун, прокурорлордун жана тиешелүү органдардын ишин текшерүү үчүн депутаттык комиссия түзүлдү. Мындай чечим Жогорку Кеңештин 14-июндагы жыйынында кабыл алынды.

Убактылуу депутаттык комиссия түзүү демилгесин “Мекенчил” депутаттык тобу көтөргөн. Комиссияга депутаттар Фархат Исмаилов, Жусупбек Коргонбай уулу, Султанбай Айжигитов, Арсланбек Малиев, Бакыт Тентишев, Марат Мураталиев, Эмил Токтошев жана Нилуфар Алимжанова кирди.

13-июнда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында быйыл жарым жылда абакта жаткан 218 адамга ырайым берилгени белгилүү болгон. Былтыр бир жыл ичинде 381 киши ырайым алган.

Буга чейин Кыргызстандын колонияларында 6-7 миңдей адам бар экени, алардын эки жүздөйү аялдар, он чактысы өспүрүмдөр экени кабарланган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG