Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:40

Футбол: CAFA Кыргызстан-Ооганстан оюну боюнча чечимин жарыялады


Кыргызстан-Ооганстан курама командаларынын оюну. 10-июнь. 2023-жыл. Бишкек.
Кыргызстан-Ооганстан курама командаларынын оюну. 10-июнь. 2023-жыл. Бишкек.

Борбор Азиянын футбол ассоциациясынын аткаруу комитети (CAFA) Кыргызстан менен Ооганстандын футбол курамаларынын Бишкекте 10-июнда өткөн Улуттар кубогундагы беттеши боюнча чечимин жарыялады. Аткаруу комитетинин шашылыш жыйыны беттештин эртеси өткөнүн “Кыргыз футбол бирлиги” уюму 13-июнда кабарлады.

Анда кабыл алынган чечимдердин биринчиси – Ооганстанга оюндун регламентин бузганына карабастан Улуттар кубогундагы оюндарын улантуусуна уруксат берүү. Мындай чечим беттештердин адилеттигин, турнирдин жакшы имижин камсыз кылуу максатында кабыл алынганы белгиленди.

Экинчи чечим – Ооганстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу Абдулла Алмутаири боюнча маселе ага чара көрүү үчүн CAFA уюмунун Тартип комитетине жөнөтүлмөй болду. Буга оюн талаасында Ооганстандын курамасынан жетиден аз оюнчу калганы үчүн матч өз мөөнөтүнө жетпей токтотулганы, андыктан матч “болгон жок” деп таанылып, Кыргызстан 3:0 эсебинде жеңүүчү деп жарыяланышы керектиги айтылды.

CAFA Улуттар кубогундагы Кыргызстан менен Ооганстандын беттеши 10-июнда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков стадионунда өткөн. Оюндун акыркы мүнөтүндө Кыргызстандын чабуулчусу Эрнис Батырканов оогандыктардын дарбазасына гол киргизип, көп өтпөй ооган оюнчулары финалдык ышкырыкты күтпөстөн талааны таштап чыгып кетишкен.

CAFA NATIONS CUP-2023 мелдешин Борбор Азиянын футбол ассоциациясы быйыл алгачкы жолу өткөрүп жатат. Ага жети өлкөнүн командалары эки тайпага бөлүнүп ойноп жатат. "А" тайпасында Түркмөнстандын, Тажикстандын, Омандын жана Өзбекстандын курама командалары бар. "В" тайпасына Кыргызстан, Ооганстан жана Иран бөлүнгөн. “А” тайпасынын оюндары Ташкентте, “В” тайпасынын оюндары Бишкекте өтүп жатат. Алдыда 16-июнда Кыргызстан Иран менен беттешет. (RK/ECh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG