Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:32

Оштогу ЖМК өкүлдөрү журналист Исаковго кол көтөргөн адамды жоопко тартууну талап кылды


Ыдырыс Исаков тараткан тасмадан алынган сүрөт. 12-июнь, 2023-жыл.
Ыдырыс Исаков тараткан тасмадан алынган сүрөт. 12-июнь, 2023-жыл.

Оштогу медиа коомчулук эркин журналист Ыдырыс Исаковдун сабалышы боюнча кайрылуу таратып, бул окуяны сөз эркиндигине урулган сокку деп билдирди.

Ондогон журналисттер кол койгон кайрылууда, Ыдырыс Исаковдун жумуш учурунда сабалышы - журналисттердин беделин түшүрүүгө багытталган кылмыштуу аракет жана сөз эркиндигине урулган сокку деп сыпатталып, бул ишти президент Садыр Жапаров көзөмөлүнө алуусун талап кылышты.

"Бул кылмышты президент Садыр Жапаров жеке көзөмөлгө алып, кылмышка шектелип аткан “Пансионат Ош” мекемесинин мурдагы директору Маматкарим Койчукулов мыйзам чегинде жазалануусу керек. Ыдырыс Исаков эркин журналист катары өзүнүн Ютуб каналы аркылуу журналисттик ишмердигин жүргүзүп келет. Анын чуу жараткан бул жолку иликтөөсүндө Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдары жана журналисттик этика сакталган деп эсептейбиз", - деп жазылган кайрылууда.

Журналистке кол көтөргөн окуя 12-июнда “Жетекчилерге жем болгон пансионат” деген программасынын уландысын тартып жүргөн учурда болгон. Ыдырыс Исаков социалдык тармактардагы баракчасына окуя учурунда тартылган кыска видеону жарыялаган. Тасмадан Маматкарим Койчукулов журналистти бетке чапканын көрүүгө болот.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы журналистке кол көтөргөн Койчукуловдун чыры боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүп жатканын билдирген.

8-июнда Ыдырыс Исаковдун Ютубдагы каналына “Жетекчилерге жем болгон пансионат” деген материал чыккан. Анда Ош пансионатынын жерлери мыйзамсыз менчиктештирилгени, мүлк каралбай калганы тууралуу сөз болот.

Ыдырыс Исаков “Азаттык” радиосунда бир нече жыл эмгектенген. Ушул тапта өзүнүн аты менен Ютуб порталында канал ачып, түрдүү багыттагы материалдарды чыгарып келет. Анын каналында 453 миң катталуучу бар. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG