Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:07

Беларуста "Ранак" телеканалынын сегиз кызматкери кармалды


Беларус милициясы. Сүрөт иллюстрация үчүн колдонулду.
Беларус милициясы. Сүрөт иллюстрация үчүн колдонулду.

Беларустун Светлогорск шаарында күч органдары жергиликтүү "Ранак" телеканалынын сегиз кызматкерин 12-июнда кармады. Укук коргоочулардын айтымында, алар "экстремисттик материал тараткан" деп шек саналууда.

"Гомельская Вясна" Телеграм каналы кабарлагандай, кармалгандардын бири кош бойлуу болгондуктан бошотулду.

Айрым кабарларга ылайык, алар "Одноклассники" социалдык тармагындагы "Светлик.Светлагорск" баракчасына жазылганы үчүн колго түшкөн. Алар шаардык темир жол станциясында үч адамдын өмүрүн алган жарылуу тууралуу эфирге берилген сюжеттен улам кармалган болушу мүмкүн деген божомол да бар.

Беларуста 2020-жылдагы жыйынтыгы талаштуу президенттик шайлоодон кийин журналисттерди куугунтуктоо күчөгөн. Көп журналисттер мамлекеттен чыгып кетишкен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG