Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:39

Бишкекте кармалган эки орусиялык активист башпаанек сурап кайрылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда камакка алынган эки орусиялык активист башпаанек сурап кайрылды. Активисттер Алена Крылова менен Лев Скорякиндин өтүнүчтөрү Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине расмий тапшырылганын 12-июнда «Азаттыкка» аларга укуктук жардам көрсөтүп жаткан «Адилет» укуктук клиникасынын юристи Марат Кыдыров билдирди.

Аталган министрлик өтүнүчтөрдү карап, башпаанек сураган адам деген күбөлүктү берүү же бербөө маселесин чечет.

Орусиядагы “Адам укуктары үчүн” кыймылынын мурдагы маалымат катчысы, бул өлкөдө экстремисттик деп табылган “Солчул каршылык” кыймылынын катышуучусу, мекенинде “экстремисттик бирикме түзгөн” деген негизде кылмыш иши козголгон саясий активист Алена Крылова 4-июнда Бишкектин көчөлөрүнүн биринде кармалган. 6-июнда Бишкек шаардык сотунун чечими менен ал тергөө абагына 4-июлга чейин камакка алынган.

Орусиялык “Солчул блок” кыймылынын активисти Лев Скорякин Бишкекте 9-июнда кармалган.

6-июнда согушка каршы активист Алексей Рожков Кыргызстандан Орусияга экстрадиция кылынган, ал мекенинде аскердик комиссариаттын имаратына өрт койгон деп шектелүүдө. (KE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG