Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:58

Орусиянын Коргоо министрлиги "Ахмат" отряды менен келишим түздү


"Ахматтын" аскерлери Украинанын Мариуполь шаарында.
"Ахматтын" аскерлери Украинанын Мариуполь шаарында.

Орусиянын Коргоо министрлиги чечендердин "Ахмат" отряды менен "ыктыярдуу түзүмдөрдүн" кызматын уюштуруу келишимине кол койгонун жарыялады. Бул тууралуу маалымат мекеменин Телеграм-каналына чыкты.

Документке Орусиянын Башкы штабынын жетекчисинин орун басары Алексей Ким жана Орусиянын атайын күчтөр университетинин директору Адам Дашаев кол койгон. Ага "Ахмат" отрядынын командири Апты Алаудинов жана Мамлекеттик Думанын депутаты Адам Делимханов катышты.

"Биздин биринчи тажрыйбабызды карап, башка ыктыярдуу отряддар да ушундай келишимдерге кол коюшат деп ишенем", - деди Башкы штабдын өкүлү.

Орусиянын Коргоо министри Сергей Шойгу буга чейин бардык “ыктыярдуу отряддарды” 1-июлга чейин Коргоо министрлиги менен келишим түзүүгө милдеттендирген буйрук чыгарган.

Украинадагы согушка аскерлерди жалдаган "Вагнер" жеке аскер уюмунун негиздөөчүсү Евгений Пригожин "Шойгу менен эч кандай келишим түзбөй турганын" билдирген.

Пригожин бир нече жолу Шойгуну жана ал жетектеген мекемени сындап чыккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG