Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:15

Кахов ГЭСиндеги жардыруу: алты киши каза болду, 35и дайынсыз


Украина тарап 6-июндагы Кахов ГЭСинин дамбасынын жарылуусунан кийин 6 киши каза болуп, 35и дайынсыз жоголгонун билдирди. Ички иштер министри Игорь Клыменко 11-июнда Фейсбуктагы билдирүүсүндө дайынсыз жоголгондордун жетөө балдар экенин жазды.

Буга чейин Херсон облустук аскердик администрациясынын башчысы Александр Прокудин Днепрдин оң жээгинде 32 калктуу конуш суу алдында калып, 2716 адам эвакуацияланганын билдирген.

Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 6-июндан бери Орусия көзөмөлдөгөн Херсон облусунун суу каптаган аймактарынан 1736 адам эвакуацияланганын кабарлаган.

Ыктыярчылар учурда 300дөн ашуун адамдын тагдыры белгисиз экенин билдирүүдө.

БУУ Кахов ГЭСинин дамбасынын жарылуусунан улам Украина көзөмөлдөгөн жана Орусия басып алган аймактарда жалпы 700 миңдей адам таза суусу жок калганын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG