Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:06

Ыктыярчылар: Днепрдин сол жээгинде жүздөгөн адамдар дайынсыз жоголду


Голая Пристань, Херсон облусу
Голая Пристань, Херсон облусу

Украинанын Кахов ГЭСинин дамбасындагы жардыруунун айынан суу алдында калган Херсон облусунун Орусия көзөмөлдөгөн аймагында, Днепрдин сол жээгинде 374 адамдын тагдыры белгисиз болууда. Алардын үчөө каза болушу ыктымал. Бул тууралуу ыктыярчыларга шилтеме берүү менен "Агентство" басылмасы билдирди.

Ыктыярчылар үчүн суу астында калган калктуу конушка, Алешки шаарына жетүү кыйынчылыктарды жаратып жатат. Шаардын кире беришине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жана аскердик ыктыярчылар гана өтсө боло турган тосмо коюлган. Калгандары ал жакка суу аркылуу гана бара ала турганын күбөлөр билдирүүдө.

Ыктыярчылардын координатору эвакуацияга байланыштуу 1700дөн ашуун кайрылуу бар экенин билдирди.

Украинанын Ички иштер министрлигинин 10-июнга карата маалыматы боюнча, ГЭСтеги жарылуунун айынан 29 киши дайынсыз болууда. Беш киши каза болду. Херсон облусунун дээрлик 50дөй калктуу пункту суу астында калды. Алардын 30дан ашууну Киевдин көзөмөлүндө. 2,5 миңдей адам эвакуациялданды.

Николаев облусунун 30дан ашуун конушун суу каптады. Бул жактан миңдей адам коопсуз жайга көчүрүлдү.

6-июнга караган түнү Кахов ГЭСинин дамбасы жардырылган. Ал үчүн Киев менен Москва бири-бирин күнөөлөп жатат.

Украин бийлиги муну иликтөө өтүнүчү менен Гаагадагы Эл аралык кылмыш сотуна кайрылган.

Орусия ачкан согушта Украинаны колдогон Батыштын көптөгөн лидерлери ГЭСтин кыйраганына Москваны күнөөлөштү.

Мурдараак Кошмо Штаттардын эки расмий өкүлү жана Батыштын бир расмий булагы NBC News телеканалына гидроэлектр станцияга жасалган чабуулга Орусиянын ыктымал катышы тууралуу маалымат бар экенин айтышкан. АКШ президентинин администрациясы Кахов ГЭСиндеги жардырууга ким жооптуу экенин так айта албай турганын билдирген.

АКШнын Атайын кызматы айрым чалгын маалыматтарын ачыкка чыгаруунун үстүндө иштеп жатышканы кабарланган.

Дагы бир болжол боюнча, ГЭСтин жарылышына мурдагы аткылоолор жана Орусиянын суунун деңгээлин көзөмөлдөп, азайтпаганы себеп болушу ыктымал.

"Укргидроэнерго" билдиргендей, Кахов суу сактагычында суунун үчтөн бири агып кетти. Ишемби күнү эртең менен Никополь аймагында суунун деңгээли жума күнгө салыштырмалуу бир метрге төмөндөп, 10,5 метрди түздү. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG