Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:42

"Азаттыктын" кубогу: футбол боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды


"Азаттык" үналгысынын 70 жылдыгына арналган кичи-футбол боюнча мелдешке катышкан командалар. 10-июнь, 2023. Бишкек.
"Азаттык" үналгысынын 70 жылдыгына арналган кичи-футбол боюнча мелдешке катышкан командалар. 10-июнь, 2023. Бишкек.

"Азаттык" үналгысынын 70 жылдыгына арналган кичи-футбол боюнча мелдеш жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды. 10-июнда Бишкектеги Футбол борборунда өткөн оюнга 13 команда катышып, “Т-Медиа - Ош ТВ” командасы 1-орунга чыкты. 2-орунду "Марва ТВ" ээлесе, 3-орунду "ЭлТР" командасы алды. 1-орунга 15 миң сом, 2-орунга 10 миң сом жана 3-орунга 5 миң сом акчалай сыйлык тапышырылды. Байге алган командалар ээлеген орундарына жараша кубок, медалдар менен сыйланышты.

Мындан сырткары оюн учурунда сегиз гол киргизген Азамат Аймановго ("Марва ТВ") “Мыкты чабуулчу” наамы берилди. Ал эми Улукбек Сали уулу ("Т-Медиа Ош ТВ") “Мыкты оюнчу", Чыңгыз Рыскелдиев ("УТРК") “Мыкты коргоочу”, Бекболот Догдурбек уулу ("ЭлТР") “Мыкты дарбазачы” наамын алды.

Кичи-футбол боюнча мелдешке жалпыга маалымдоо каражаттарынан түзүлгөн 13 команда катышты.

Мелдеш жалпыга маалымдоо каражаттарынын тилектештигин бекемдөө жана сергек жашоого үндөө максатында уюштурулган.

Мелдешке катышкан командалардын тизмеси:

  • "ПолитКлиника"
  • "Марал радиосу"
  • "Марва ТВ"
  • "Кыргыз Спорт ТВ"
  • "ЭлТР"
  • "Кыргыз радиосу"
  • "Кактус Медиа"
  • "Эркиндик"
  • "УТРК"
  • "Апрель ТВ"
  • "Т-Медиа Ош ТВ"
  • Би-Би-Си
  • "Азаттык"

Быйыл март айында “Азаттык” радиосунун обого чыкканына 70 жыл толду. “Эркин Европа/Азаттык үналгысынын” кыргыз кызматынын алгачкы берүүсү 1953-жылы 18-мартта ободо жаңырган. (ECh/КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG